Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун 20 жылдыгына арналган «Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышкан бир катар мамлекеттердин акыйкатчылары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Министрлер кабинетинин башчысы жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелеринде акыйкатчы институтунун ишинин маанилүүлүгүн жана баалуулугун белгиледи. «Акыйкатчы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды. Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти. Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кечинде Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы: — тышкы иштер министри Жээнбек […]Читать далее
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча президент Садыр Жапаровго ыраазычылык катын жолдоду. Илхам Алиев өзгөчө көңүл буруу жана меймандостук, ошондой эле ага жана азербайжандык делегацияга болгон чыныгы боордоштук мамиле үчүн ыраазычылык билдирди. «Мен азербайжан-кыргыз мамилелеринин тарыхында жаңы баракты ачкан сапардын жыйынтыгына абдан канааттандым. Сиз менен чын ниетте жана өз […]Читать далее
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушевдин төрагалыгы астында видеоконференц-байланыш режиминде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 7-чи отуруму болуп өттү. Отурумда Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын Башкы прокурорлору, ошондой эле Казакстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын коррупцияга каршы агенттиктеринин жетекчилери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынан алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров эртең, 27-октябрда, Казакстан Республикасына иш сапары менен барат. Мамлекет башчысы Астана шаарында Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык […]Читать далее
Бүгүн, 26-октябрда Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышып, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы шаарындагы модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчыга ишкананын өкүлдөрү курулушунда күйбөгөн, жылуулукту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза материалдар колдонулган модулдук үйлөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, белгилүү бир технология боюнча жасалган имарат 9 баллдан ашык сейсмикалык жүктөрдү көтөрө алат. Модулдар керектүү коммуникацияларды жана ички […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев Мамлекет башчысына Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жакын жерде жүрүп жаткан Балыкчы – Кочкор темир жол тилкесин куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жыл соңуна чейин 5 […]Читать далее