Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды. Акылбек Жапаров иш сапардын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Андан тышкары, Казакстандын президенти менен өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусу пландаштырылган.Читать далее
Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин отурумуна катышты. Иш-чараны КМШ ПААнын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып жатып, Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев кесиптештерин Ассамблеянын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 27-октябрда Казакстан Республикасына болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Астана шаарында жогорку деңгээлдеги, анын ичинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, Кыргызстан Борбор […]Читать далее
Бүгүн, 27-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Туруктуу комиссияларынын отурумдары өтүүдө. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Талайбек Масабиров КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышты. Иш-чарада шериктештик алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды. Ал эми депутат Алишер Козуев катышкан КМШ […]Читать далее
«Биз алты тараптуу жаңы форматтагы жогорку деңгээлдеги жолугушууну кубаттайбыз. Аймактар аралык кызматташтыгыбыздын кыйла потенциалы бар экенин көрүп турабыз», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астана шаарында (Казакстан) өткөн «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусунда сүйлөп жатып. Мамлекет башчысы өз сөзүндө быйыл Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин (ЕБ) эки тараптуу өнөктөштүгүнүн түзүлгөнүнө […]Читать далее
Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев канатташ жашаган боордош эки элдин тарыхый байланышы терең экенин белгилеп: “Акыркы жылдары мамлекеттер аралык алакабыз жигердүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астана шаарында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Эки өлкөнүн лидерлери өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамиканы белгилеп, Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын, ошондой эле […]Читать далее
Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын жана парламенттер аралык алаканын актуалдуу маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Өзбекстан Республикасы менен калыптанган достук […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту. Кыргызстан менен Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөнүн актуалдуу багыттары менен чаралары талкууланды. Ошондой эле тараптар күн тартибинде турган глобалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык коопсуздук маселеси боюнча пикир алышты. Садыр Жапаров Шарль […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Жолугушууда Министрлер Кабинетинин башчысы БУУ тутумунун Туруктуу координаторун жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен БУУ агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи. Акылбек Жапаров учурда кыргыз тарап тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо маселесине өзгөчө […]Читать далее