Президент окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

 Президент окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы – Илим күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу: 

“Урматтуу илимпоздор жана окумуштуулар!

Кымбаттуу илим тармагынын кызматкерлери! 

Сиздерди Илим күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-ноябрда коомчулуктун илимге болгон аң-сезимин арттыруу үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленет. Ошондон улам, Кыргызстанда дагы илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатында ал кесиптик майрам катары белгиленип келет.

Учурда мамлекетибиз дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берип, андан ары өсүп-өнүгүп кетүүсүнө өбөлгө түзө турган илимий багыттарды аныктоого умтулууда. Бул багытта ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тиешелүү илимий мекемелер менен тыгыз карым-катышта иш алып барышы керек.

Глобалдашкан, экономикалык кризистер тооруган, ресурстар чектелүү болуп турган дүйнөдө артыкчылыктуу илимий багыттарга татыктуу маани берүү жана тиешелүү каржылык колдоо көрсөтүү менен гана өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздай алабыз.

Туруктуу өнүгүү үчүн биргелешкен фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, заманбап окуу-лабораториялык базаларды түзүү, илим, билим берүү жана өндүрүштү натыйжалуу байланыштыруу абзел!

Бул үчүн жогорку окуу жайлар менен илимий изилдөө институттарын интеграциялоо саясаты жүргүзүлүүдө. Бул жараяндын натыйжасында жана илимий чөйрөнүн бир максатты көздөп бирге иш алып баруусунун негизинде жакшы жыйынтыктарга, ийги ийгиликтерге жетишебиз деп үмүт артам.

Өнүккөн өлкөлөр бардык иш-аракеттеринде илимге таянып алдыга жылууда. Дүйнөдөгү эң ири университеттер жөн гана билим берүү мекемелери эмес, баарынан мурда фундаменталдык жана прикладдык илимди өнүктүрүү борборлору болуп саналат.

Биз дагы мамлекеттик деңгээлде дүйнөлүк тенденцияга багыт алуудабыз.

Бул жана башка аракеттер сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана бай тажрыйбаңыздар менен ишке ашат. Сиздердин илимге кошкон салымыңыздар келечекте мамлекетибиздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө болоруна терең ишенем. Бул максатка жетүү үчүн сиздерде жетишерлик илимий потенциал жана өлкө жетекчилигинин саясий эрки бар.

Кымбаттуу илимпоздор!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиздерге кажыбас кайрат, терең изденүү, чыгармачыл ийгилик каалайм. Бекем ден соолукта болуп, бакубат өмүр сүрүңүздөр!”.

Связанный пост