Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү 8-9-10-декабрь күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чектөөлөр Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынына байланыштуу киргизилип жатат. Чүй облусунда жана Бишкек шаарында чектөөлөр киргизиле турчу көчөлөр: – Манас аэропортунан баштап, Фучик көчөсү […]Читать далее
Президенттин атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Европа Биримдигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Европа делегациясы менен болгон жолугушууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков дагы катышты. Тараптар Афганистанда болуп жаткан кырдаалды жана афган […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн 5-декабрда, Эл аралык бокс ассоциациясынын Президенти Умар Кремлевду кабыл алды. Кыргызстанда боксту өнүктүрүүнүн жана өлкөдө эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Эл аралык бокс ассоциациясынын Президенти менен учурашып, анын иш сапары Кыргызстандагы бокстун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним билдирди. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик […]Читать далее
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Россия Федерациясынын баш калаасы Москва шаарына жөнөп кетти. Сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын Кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат. Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.Читать далее
Россиянын президенти Владимир Путин ушул жумада Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) саммитине катышуу үчүн Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу “Россия 1” каналынын “Москва. Кремль. Путин” программасынын алып баруучусу Павел Зарубин өзүнүн Telegram каналына жазды. Белгилей кетсек, ЕАЭБ лидерлеринин жыйыны Бишкекте 9-декабрда өтөт.Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Аль Саех Групп» («Al Sayegh Group») ири корпорациялардын биринин башчысы Абдул Джаббар Аль Сайехараб жетектеген араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кызматташуунун, анын ичинде тоо-кен жана энергетика, айыл чарба жана банк тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Кыргызстан өлкө экономикасына дүйнөлүк деңгээлдеги инвестициялык компанияларды […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулитти Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. «Сизди жана лаос элин Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Достукка жана кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Лаостун ортосундагы мамилелер биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн элдеринин […]Читать далее
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева менен Эмдөө жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) өлкөлөрүнүн Улук башкаруучусу Смита Сингх менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө башкаруу процесстерин өркүндөтүү жана өлкөдө пландуу эмдөө программасын координациялоо маселеси талкууланды. Кыргызстанда “Иммунопрофилактика” программасын жаңыртуу, калкты профилактикалык эмдөөлөр менен камтууга жана жаңы вакциналарды ийгиликтүү киргизүүгө жетишүүдөгү мүмкүн болуучу кыйынчылыктарды жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды улуттук майрамы — Мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады. «Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын элин Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекетинин жарыяланган күнү менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара урматтоого негизделген достук мамилелер эки элдин […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык майыптар күнүнө арналган «Менин колумдан келет» форумуна катышты. Форумдун ишин ачууда Эдил Байсалов Кыргызстан – социалдык саясат өзгөчө орунду ээлеген мамлекет, ал эми кыргыз эли оор кырдаалга туш болгон адамдарга, өзгөчө майыптыгы бар адамдарга боор тартып, көмөгүн аябаган эл экендигин белгиледи. «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон мамиле […]Читать далее