Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү 3 күнгө жабылат

 Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү 3 күнгө жабылат

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү 8-9-10-декабрь күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чектөөлөр Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынына байланыштуу киргизилип жатат.

Чүй облусунда жана Бишкек шаарында чектөөлөр киргизиле турчу көчөлөр:

– Манас аэропортунан баштап, Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

– Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү;

– Манас жана Ч. Айтматов проспектилери Чүй проспектинен тартып, мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү;

– Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

ЖКККББ убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, айдоочулар жана жүргүнчүлөргө маршруттук каттамдарын алдын ала пландоону сунуштайт.

Белгилей кетсек, Бишкекте 9-декабрда ЕАЭБ лидерлеринин жыйыны өтөт. Быйыл бирикмеге Кыргызстан төрагалык кылууда.

Связанный пост