Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация ЖККУ ПАнын жыйындарына катышат

 Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация ЖККУ ПАнын жыйындарына катышат

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Россия Федерациясынын баш калаасы Москва шаарына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын Кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Связанный пост