Орозбаев Эмилбек Баатыралиевич «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) Евразия аймагынын директору Стивен Никс менен жолугушту. Жолугушууда тараптар демократиялык өнүгүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы учурдагы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашты. Эдил Байсалов өлкөдө калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Шумкарбек Пайзиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду. 36 жаштагы Пайзиев буга чейин Алай райондук мамлекеттик администрациясында, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүндө эмгектенген. 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушту. «Эки тараптуу кызматташтыктын жана аймактар аралык байланыштардын динамикасы жыл сайын сапаттык жактан өсүүдө, Кыргызстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү жогорулоодо. Биз Евробиримдик менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярбыз», – деди Акылбек Жапаров. Министрлер […]Читать далее
Бүгүн тарыхый күн. Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик. Кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, өлкөбүзгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргыз Республикасындагы БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) өлкөлүк директору Кожиро Накай 2023-2027-жылдарга карата БУУ ДАТПнын Өлкөнүн жаңы стратегиялык планын (ӨСП) ишке ашыруу боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. «Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын келерки беш жылга карай өлкөлүк стратегиялык планы Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун кеңешчиси болуп Муктарбек Зулпукаров дайындалды. Тиешелүү буйрукка калаа башчы кол койду. М.Зулпукаров эмгек жолунда бир катар жеке менчик ишканаларда директор, спорттук мектептерде тренер болуп эмгектенген. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын депутаты болгон.Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммед Саиф Аль-Сувайди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелер жана эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз-эмират мамилелеринин жогорку өнүгүү динамикасын белгиледи. «Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Ведомстводон кабарлашкандай, Талантбек Солтобаев министрдин биринчи орун басары, ал эми Ырысбек Бариев министрдин орун басары болуп дайындалган.Читать далее
Акылбек Жапаров жана «Mubadala Investment Company» альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү маселесин
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында «Mubadala Investment Company» компаниясынын башкы директорунун орун басары – башкаруучу директору Хомад Аль Шиммари менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасында альтернативдик энергетиканы, туризмди, курулушту, логистиканы, телекоммуникацияларды жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө ири инвестиция тартуунун келечеги талкууланды. Министрлер Кабинетинин башчысы республика эмираттык компаниялардын экономиканын бардык тармактарында […]Читать далее