Беларустун премьер-министри Александр Турчин расмий сапары менен Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды. Расмий сапардын алкагында Беларустун премьер-министри Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат, бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары, Александр Турчиндин бир катар ишканаларга баруусу жана кыргыз-беларусь бизнес-форумунун ачылышына катышуусу пландалууда.Читать далее
Түрк мамлекеттик уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Анын айтымында, бул маанилүү ийгилик эл аралык коомчулуктун Кыргызстандын конструктивдүү позициясына, жоопкерчиликтүү дипломатиясына жана БУУнун максаттары менен принциптерине болгон бекем берилгендигине көрсөткөн ишениминин айкын далили болуп саналат. “Кыргызстан аймактык жана эл аралык деңгээлде диалогду, кызматташтыкты жана […]Читать далее
Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары өз орду пайда болгону өтө чоң жеңиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Ал жалпы кыргызстандыктарды тарыхый жеңиши менен куттуктап, бул жеңиштин аркасында чоң эмгек турарын белгиледи. Анын айтымында, эми Кыргызстандын масштабдуу дүйнөлүк маселелерди кароого катышуусуна, ошол эле маалда өз маселелерин да чечишине […]Читать далее
Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн аймактарына карата кайрадан жанданган аскердик соккулар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессине доо кетириши мүмкүн болгон ар кандай аскердик аракеттерди айыптайт жана тараптарды эң жогорку деңгээлде сабырдуулук көрсөтүүгө, кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон кадамдардан […]Читать далее
21-майда АКШнын Ак үйүндө Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсаловдун АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземдин жүрүшүндө элчи Эдил Байсалов АКШнын лидерине президент Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламдарын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди, ошондой эле Кыргызстандын кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого берилгендигин […]Читать далее
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Индия премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Паван Капур менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-индия мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү учурдагы эл аралык кырдаалга байланыштуу пикир алмашты. Адилет Орозбеков өз сөзүндө Кыргызстан менен Индия экстремизмге, терроризмге жана баңгизаттардын соодасына каршы турууга умтуларын, […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин, мындан тышкары туруктуу өнүгүү жана климат маселелери боюнча […]Читать далее
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германияга сапары башталды. Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти Юлия Клёкнер менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди бекемдөө, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа биримдигинде жана эл аралык саясатта маанилүү роль ойногон Германия мамлекети менен бардык багыттарда […]Читать далее
Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы тынчтык макулдашууларын кубаттайт. Бул тууралуу ТИМ билдирет. Белгиленгендей, Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун жетишилгенин, ошондой эле Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин жана башка кызыкдар тараптардын чыңалууну төмөндөтүүгө жана тынчтык диалогун илгерилетүүгө багытталган аракеттерин кубаттайт. Бардык пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык […]Читать далее
Казань шаарында өткөн “Энергопром” форумунун алкагында энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Татарстандын жетекчиси Рустам Минниханов жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда тараптар энергетика, өнөр жай жана техникалык билим берүү боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Айрыкча кыргыз адистеринин тажрыйба алмашуусу жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерине басым жасалды. Рустам Минниханов белгилегендей, 2025-жылы Петербургдагы эл аралык […]Читать далее