Рим Папасы Лео XIV жана Архиепископ Жордж Панамтундил Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Рим Папасы Лео XIV жана Архиепископ Жордж Панамтундил Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Рим Папасы Лео XIV жана Архиепископ Жордж Панамтундил Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Жараткандан Сиздин өлкөнүн элин мындан ары да жалпы жыргалчылыкка умтулган тынчтыктын жарчысы болууга шыктандыруусун тилек кылам. Сиздин Улуу Даражаңызга, бардык мамлекеттик бийлик органдарына жана жалпы жарандарыңызга чын дилден менен Кудайдын берекесин тилейм”, – деп айтылат Лео XIV куттуктоо кайрылуусунда.

Рим Папасынын куттуктоосуна Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан боюнча Архиепископ, апостолдук нунций (Ватикан элчиси) Жорж Панамтундил кошулду.

“Улуу мартабалуу Сизди жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктап, Кыргыз Республикасына мындан ары да тынчтык, өнүгүү жана бакубатчылык, ал эми жалпы кыргыз элине бакыт-таалай каалайм.

Алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде ийгиликтүү өтүп, Кыргызстандын бай маданий мурасын дүйнөгө таанытууга, ошондой эле элдердин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өбөлгө болсун”, – деп белгиленет Архиепископтун куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост