Того Министрлер кеңешинин Төрагасы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Того Министрлер кеңешинин Төрагасы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Ушул маанилүү күндү утурлай Того менен Кыргызстандын өз ара кызыкчылыктарга жооп берген көптөгөн тармактарда чыңдалып келе жаткан достук жана өнөктөштүк мамилелерин өзгөчө белгилегим келет. Менин өлкөм бул байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана жалпы жетекчилигибиздин алдында эки элдин жыргалчылыгы үчүн мамилелерибизди мындан ары да бекемдөө боюнча ырааттуу иштерди улантууга бекем ниеттенет.

Сизге жана үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө чың ден соолук, ал эми кыргыз элине тынчтык жана түбөлүктүү бакубатчылык каалайм”, – деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Связанный пост