Мальтанын Президенти Мириам Спитери Дебоно Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Мальтанын Президенти Мириам Спитери Дебоно Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“1993-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Мальта менен Кыргызстан өз ара сый-урмат жана кызматташтыкка негизделген достук мамилелерин улантып келе жатышат. Өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки жактуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө үмүттөнөм”, — деп айтылат билдирүүдө.
Мириам Спитери Дебоно Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.