Бельгия Королу Филипп Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Бельгиянын Королу Филипп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамын белгилөө Сизге, ошондой эле мекендештериңизге өзүмдүн куттуктоолорумду жана бакыт-таалай, чың ден соолук кааларымды билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө”, – деп айтылат куттуктоодо.