Ташкенттен умрага уча албай калган 144 жарандын 60ы Кыргызстанга алып келинди
Умрага баратып Ташкенттен уча албай калган 144 жарандын 60ы Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын умра бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Туташпаев билдирди.
Анын айтымында, Ташкент аркылуу калган жарандар умрага учуп кетишкен.
“Умрага баратып Ташкенттен уча албай калган 144 жарандын 47сине компания тарабынан билет алынып калган. Бирок алардын визасы жок болгондуктан муфтият тарабынан визаларын алууга көмөк көрсөтүлдү. Дагы 37 адам өз каражаттарынын эсебинен Ташкент аркылуу умрага учуп кетишкен. Ал эми калган 60 жаран өлкөгө алып келинди”, – деди ал.