Нидерланддардын Королу Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Нидерланддардын Королу Виллем-Александр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Урматтуу даражаңызга куттуктоомду жана Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалаган ак тилектеримди билдирүүгө уруксат этиңиз”, – деп айтылат куттуктоо катында.