ТАР Президенти Матамела Сирил Рамафоса Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Түштүк Африка Республикасынын Президенти Матамела Сирил Рамафоса Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу даражалуу Сизге чың ден соолук каалап, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана чыңдоого болгон ниетибизди дагы бир ирет ырастоого уруксат этиңиз”, – деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.