Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 18-19-апрелде Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон расмий сапары аяктады. Астананын эл аралык аэропортунда Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды. Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчылары Астана шаарында эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине катышты. Бүгүн, 19-апрелде, Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар жана кеңейтилген курамдардагы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында «Казакстан гарыш сапары» Улуттук космос борборуна барды. Ал жакка барганында Казакстандын космостук жетишкендиктери жана космостук аппараттарды чогултуу-сыноо комплексинин иши көрсөтүлдү. Казак адистери космостук мониторинг жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти, космостук аппараттарды жасоо этаптары жана даярдалган тетиктердин үлгүлөрү менен тааныштырды. Мындан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Айкөл Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты. Кыргызстан менен Казакстандын Президенттери биргелешип Кабанбай баатыр көчөсүндөгү сейил бакка – жанына боз үй шаарчасы тигилген Айкөл Манастын эстелигине барышты. Эстелик Казакстандын баш калаасындагы Кабанбай баатыр атындагы борбордук көчөлөрдүн бирине орнотулду. Айкелдин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга расмий сапардын алкагында І даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго «Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» жогорку сыйлык тапшырды. Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан терең жана тарыхый тамырлары менен байланышкан – боордош өлкө экенин баса көрсөттү. […]Читать далее
Президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар курамдагы жолугушуудан кийин бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүштү. Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан Казакстан үчүн жөн гана коңшу эмес, боордош өлкө жана маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи. Жалпы тарыхка жана руханий баалуулуктарга таянып, эки өлкөнүн элдери терең […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, саясий-экономикалык диалог колдоого алынып, бардык деңгээлдерде байланыштар жүрүп жатканын белгилеп өттү. Президент салттуу түрдө достук мамиледе, жылуу жана ишеним маанайда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө канааттануу менен айтты. Саясий, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон расмий сапардын алкагында өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынына байланыштуу боордоштук гуманитардык […]Читать далее
Бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Кыргызcтан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Казакстан Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 18-апрелде, Мамлекет башчысынын Казакстанга расмий сапарынын алкагында Астана шаарында өткөн эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине барышты. Жогорку деңгээлдеги меймандар үчүн концерттик программа тартууланып, анда Кыргызстан менен Казакстандын артисттери “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү окуп, хореографиялык өнөрлөрдү жана башка музыкалык номерлерди аткарышып, өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде, расмий сапары менен Казакстан Республикасына келди. Астананын эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды. Астана шаарынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген. Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын […]Читать далее