Астанада Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн өнөр чеберлеринин концертине барышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 18-апрелде, Мамлекет башчысынын Казакстанга расмий сапарынын алкагында Астана шаарында өткөн эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине барышты.

 

Жогорку деңгээлдеги меймандар үчүн концерттик программа тартууланып, анда Кыргызстан менен Казакстандын артисттери “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү окуп, хореографиялык өнөрлөрдү жана башка музыкалык номерлерди аткарышып, өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.

 

Белгилей кетсек, казак артисттери кыргыз ырларын аткарып, ал эми кыргыз өнөрпоздору казак музыкалык репертуарын тартуулашты. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы музыкалык каада-салттар менен алмашуу эки өлкөнүн музыканттарынын аткаруулары аркылуу өттү.

Связанный пост