Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапары аяктады

 Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 18-19-апрелде Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон расмий сапары аяктады.

 

Астананын эл аралык аэропортунда Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.

 

Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчылары Астана шаарында эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине катышты.

 

Бүгүн, 19-апрелде, Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

 

Соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

 

Эки тарап тең союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын тастыкташты.

 

Тар курамдагы жолугушуудан кийин Президенттер Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүштү.

 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри боюнча кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

 

Расмий сапардын алкагында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровго І даражадагы «Достык» орденин тапшырды.

 

Казакстандын Президенти Садыр Жапаровдун эки элдин боордоштугун бекемдөөдөгү ролун жогору баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

 

Садыр Жапаров Казакстан Республикасына расмий сапарынын алкагында Айкөл Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты.

 

Мамлекет башчысы бул күн кыргыз эли үчүн өзгөчө күн экенин айтып, казак окумуштуусу Чокан Валиханов талаа “Илиадасы” деп атаган “Манас” эпосун сактоого жана изилдөөгө Казакстан элинин кошкон салымын таануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Президент өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы мамилелерде жаңы доор башталаарына ишенимин билдирди.

 

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Казакстандын космостук ишмердиги чөйрөсүндө тармактар аралык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенген “Казакстан Гарыш сапары” Улуттук компаниясына барды.

 

Расмий сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 19-апрелде Бишкек шаарына кайтып келди.

Связанный пост