Астана шаарында Айкөл Манастын айкели ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Айкөл Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты.

 

Кыргызстан менен Казакстандын Президенттери биргелешип Кабанбай баатыр көчөсүндөгү сейил бакка – жанына боз үй шаарчасы тигилген Айкөл Манастын эстелигине барышты.

 

Эстелик Казакстандын баш калаасындагы Кабанбай баатыр атындагы борбордук көчөлөрдүн бирине орнотулду. Айкелдин бийиктиги 10 метр, постаменти граниттен, ал эми скульптура колодон жасалган. Эстеликтин мыкты эскизине болгон сынакта скульптор Үрүстөмбек Пазылов жеңүүчү аталган, долбоордун архитектору – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев.

 

Эстеликтин салтанаттуу ачылышынан кийин Президенттер куттуктоо сөздөрүн айтышты.

 

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Айкөл Манастын эстелигинин ачылышы эки өлкөнүн элдери үчүн маанилүү экенин жана казак элинин терең урматтоосунан кабар берерин айтты. Ошондой эле ал эки жыл мурда Бишкекте казак акыны Абайдын эстелиги тургузулганын, казактар менен кыргыздардын тамыры орток экенин белгиледи. Мындай демилгелер кылымдарды карыткан жалпы тарыхы бар боордош элдердин достугун ого бетер бекемдейт, деди ал.

 

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров өз кезегинде бул күн кыргыз эли үчүн өзгөчө күн экенин баса белгиледи.

 

Мамлекет башчысы казак окумуштуусу Чокан Валихановдун талаа «Илиадасы» деп атаган «Манас» эпосун сактоого жана изилдөөгө казак элинин кошкон салымын таануунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы мамилелерде жаңы доор башталды, деген ишенимин билдирди.

 

Соңунда Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жана бул маанилүү долбоорго салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.

Связанный пост