Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. “Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович энергетика министри кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында координациялык штабдын жыйынын өткөрдү. Координациялык штабдын отурумунда бир катар маселелер каралды. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин башчысы Баткен шаарындагы гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктунун иши менен таанышты. Белгиленгендей, келип түшкөн бардык гуманитардык жардамдардын электрондук эсеби жүргүзүлүүдө.Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына иш сапары аяктады, – деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Мамлекет башчысы Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган “Осман гази жана Орхан гази турбеси” мемориалына барды. Андан соң делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган “Кыргыздар турбеси” мемориалына барышты. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту. Президент Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий […]Читать далее
28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиков менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарында жакында өткөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын биргелешкен жыйынынын жыйынтыгын жана эки тарап кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тиешелүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапары менен Түркия Республикасынын Бурса шаарына келди. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Изник шаарында (Түркия Республикасы) өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине барат.Читать далее
Баткен жана Лейлек районундагы чек арачылар мындан ары 76 миң сомго жакын маяна алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирди. Жапаров чек арачылардын айлык акысы үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта эки эсеге жогорулатылганын баса белгиледи. “Аталган эки райондо кызмат өтөгөндөрдүн маянасына эки коэффициент кошулду, демек, Баткен жана Лейлек […]Читать далее
Пара алуу фактысы боюнча билим берүү жана илим министри А.Б. (Алмазбек Бейшеналиев) кармалгандыгын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматта министр пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалдыгы айтылат. “Чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө”, – […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн медиа-айдыңында акыркы убакта орун алган тенденциялар тууралуу өзүнүн пикирин коомчулук менен бөлүштү. Мамлекеттик катчынын сөзү: “Ушу тапта кыргыз журтун күтүүсүз баскан капсалаң баарыбызды кейишке салып турат. Элибиз беш салаадай биригип, бир муштумга түйүлүп, жергебизди күтүүсүз баскан баскынчылардын сазайын берди, арам оюн таш каптырды. Тилекке каршы, каргашалуу Баткен коогалаңында 62 жаран […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Иманбетов Илияз Жеңишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.Читать далее