Элчи Муса Жаманбаев Өзбекстандын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

 Элчи Муса Жаманбаев Өзбекстандын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарында жакында өткөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын биргелешкен жыйынынын жыйынтыгын жана эки тарап кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тиешелүү Протоколго кол койгондугун канааттануу менен белгилешти.

Ошондой эле кыргыз-өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча өз ара милдеттенмелер айтылды. Эки Мамлекет башчыларынын саясий эркинин аркасында акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишеним жана ынак коңшулаштык принциптерине негизделген мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү багытында болуп көрбөгөндөй тарыхый кадамдар жасалганы белгиленди.

Элчи М.Жаманбаев менен министрдин орун басары Ф.Сидиков Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиёевдун Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле визиттин алдында биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, тараптар парламенттер аралык байланыштарды мындан ары чыңдоо жана эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовдун Ташкентке сапарын уюштуруу боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Элчи М.Жаманбаев кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип, ошондой эле кыргыз тараптын деэскалацияга умтулуусун жана өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылчылыгы жөнүндө өзгөрүлбөс позициясын баса белгиледи.

Министрдин орун басары Ф.Сидиков аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Связанный пост