Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.Читать далее
Арстанбаев Мирлан Есенович Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бишкек шаарында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн брифинг өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө чет элдик дипломаттарга 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы Султан Раевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. «Сиздин иш тажрыйбаңыз ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достук мамилени өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошууга […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси доктор Мохамад Саид АльАрикини (резиденциясы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында) кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар эки тараптуу кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мэр өз сөзүндө Кайрат Абдрахмановду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ага улай көп улуттуу элдин ынтымагын жана биримдигин чыңдоо, “Кыргыз жараны” программасынын алкагында шаарда жүргүзүлүп жаткан иштерге жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту. Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров элчи, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы элчини жылуу кабыл алып, акыркы 30 жыл ичинде Европа Биримдиги Кыргызстандын негизги ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи. «Азыркы глобалдык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде биз дүйнөнүн жарык келечеги үчүн […]Читать далее
“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти. Гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан […]Читать далее
Улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча конкреттүү артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду даректүү мамлекеттик колдоого алууну күчөтүү зарыл. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин биринчи жыйынында билдирди. «Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктоо азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, экспортту колдоого, сырьелук базаны кеңейтүүгө, туризмге, жашыл технологияларга, креативдүү экономикага жана импортту алмаштырууга […]Читать далее