Того Республикаснын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды. Тогонун Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди. […]Читать далее
Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. “Эгемендүүлүктүн 35 жылында, айрыкча акыркы жылдары Кыргызстан коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмуштун бардык тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Кыргыз Республикасы эл аралык күн тартибиндеги көптөгөн актуалдуу маселелерди чечүүдө жигердүү роль ойнойт”, – деп айтылат Шанхай кызматташтык […]Читать далее
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Брайан Маст Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “1991-жылдан бери Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун тандап, мамлекеттик институттарын чыңдап, аймактык жана дүйнөлүк маселелердеги ролун кеңейтип, Америка Кошмо Штаттары менен өнөктөштүгүн бекемдеп келе жатат. Биз […]Читать далее
Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө даяр экенибизди ырастоо менен Эгемендүүлүк күнүңүздөргө карата Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жолдойм”, – деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.Читать далее
Палестина Мамлекетинин Президенти, Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу комитетинин Төрагасы Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Жүрөккө жакын бул улуттук майрамды Сиздер менен тең бөлүшүп, эки элди байланыштырып турган өз ара урмат-сыйга жана бир туугандык мамилелерге сыймыктанарыбызды билдиребиз. Ошондой эле элибиздин эркиндикке жана көз карандысыздыкка […]Читать далее
Рим Папасы Лео XIV жана Архиепископ Жордж Панамтундил Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Жараткандан Сиздин өлкөнүн элин мындан ары да жалпы жыргалчылыкка умтулган тынчтыктын жарчысы болууга шыктандыруусун тилек кылам. Сиздин Улуу Даражаңызга, бардык мамлекеттик бийлик органдарына жана жалпы жарандарыңызга чын дилден менен Кудайдын берекесин тилейм”, – […]Читать далее
Мальтанын Президенти Мириам Спитери Дебоно Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “1993-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Мальта менен Кыргызстан өз ара сый-урмат жана кызматташтыкка негизделген достук мамилелерин улантып келе жатышат. Өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки жактуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө үмүттөнөм”, — деп […]Читать далее
Түштүк Африка Республикасынын Президенти Матамела Сирил Рамафоса Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуу даражалуу Сизге чың ден соолук каалап, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана чыңдоого болгон ниетибизди дагы бир ирет ырастоого уруксат этиңиз”, – деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.Читать далее
Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Ынтымак Ордо» имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери илинген. Ардак кароол тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн. Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинди жана КЭРдин Биринчи […]Читать далее
Нидерланддардын Королу Виллем-Александр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Урматтуу даражаңызга куттуктоомду жана Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалаган ак тилектеримди билдирүүгө уруксат этиңиз”, – деп айтылат куттуктоо катында.Читать далее