АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Брайан Маст Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Брайан Маст Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Брайан Маст Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“1991-жылдан бери Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун тандап, мамлекеттик институттарын чыңдап, аймактык жана дүйнөлүк маселелердеги ролун кеңейтип, Америка Кошмо Штаттары менен өнөктөштүгүн бекемдеп келе жатат. Биз эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле жана дипломатия, экономика жана коопсуздук тармактарында түзүлгөн кызматташтык менен сыймыктанабыз.

Кыргыз Республикасы келечекке багыт алып жаткан учурда АКШ Конгресси өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана жалпы Борбор Азия аймагынын эгемендүүлүгүн, өнүгүүсүн жана көз карандысыздыгын чыңдоого колдоо көрсөтүүгө умтулуусун сактайт.
Ушул маанилүү датага байланыштуу Кыргыз Республикасынын элине мындан аркы тынчтык жана бакубатчылыкты каалаган чын жүрөктөн чыккан тилектерибизди кабыл алыңыздар”, – деп белгиледи Брайан Маст.

Связанный пост