Тогонун Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстанга келди

Того Республикаснын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.

Тогонун Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Тогонун Министрлер Кеңешинин Төрагасына Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

Связанный пост