Бишкектин айрым райондорунда суу убактылуу токтойт

 Бишкектин айрым райондорунда суу убактылуу токтойт

24-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Мэриядан билдиришкендей, ичүүчү суу ”Түндүк“ суу топтомосунда  жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин берилбейт.

Суу өчүрүлө турган аймактарга Күрөңкеев, Абдрахманов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймак, Жибек жолу проспектиси, Айдарбеков көчөсү, БЧК, Саадаев көчөсүнүн Күрөңкеев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын түндүк тарабындагы аймак жана Маевка айылы кирет.

Мындан тышкары,  Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик, Салам-Алик, Ак-Босого конуштарына, ошондой эле Ала-Арча айылына суу берүү  убактылуу токтотулат.

Связанный пост