Кыргызстан Азербайжандан электр энергиясын импорттоону пландоодо. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал белгилегендей, Азербайжан газдан электр жарыгын өндүрүп, аны көптөгөн өлкөлөргө экспорттоп келет. “Жакынкы убактарда Азербайжан электр энергиясын Казакстан менен Өзбекстанга экспорттоону пландап жатат. Биз да Кыргызстанга энергияны эскпорттоо маселесин талкууладык. Анткени, бул мамлекеттер менен биздин электр байланыштарыбыз бар. Мындан улам […]Читать далее
“Достук” өткөрмө бекетиндеги коомдук жайлар ирээтке келтирилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Кыргызстан-Өзбекстан өлкөлөрүнүн чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинин Кыргызстан тарабындагы элди тейлөөчү коомдук жайларды ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ош шаарынын башчысы Бакытбек Жетигенов чек арадагы өткөрмө бекеттин абалы менен жеринде таанышып, ал жердеги […]Читать далее
Кыргызстанда 22-апрелден 28-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 534 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аныничинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 347; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 269; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 77; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — […]Читать далее
Эртең, 30-апрелде жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 24:00 гө чейин кабыл алышат. Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: – жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; […]Читать далее
Бишкектеги Көлмө конушунун Максат көчөсүндө жайгашкан китепкананын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, имарат 3 кабаттан турат, анда окуу жана абонемент залдары каралган. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га, имараттын аянты 622,62 чарчы метрди түздү. Долбоордун алкагында биринчи жана экинчи кабаттарда 78 окурманга ылайыкталган окуу залдары, кызматкерлер үчүн кабинет жана техникалык жайлар каралган. Азыркы учурда жер казуу […]Читать далее
Кытай Кыргызстандын көргөзмө борборуна инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев КЭР Соода министрлигине караштуу Кытай Эл аралык экономикалык жана техникалык алмашуу борборунун делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда кыргызстандык ишкерлердин Кытайда өтө турган “Эл аралык кызмат көрсөтүү соодасы көргөзмөсүнө” катышуу маселеси талкууланды. Кытай жер […]Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелде саат 19:28де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, атап айтканда Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 12 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 км аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.Читать далее
ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, “Чычкан” постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Аба ырайы кескин өзгөрүп, азырык учурда Бишкек-Талас жана Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап, бороон чапкын болууда. Ошого байланыштуу жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымындагы “Чычкан” посттунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, кайрылууда мындай деп айтылат: “Урматтуу кыргызстандыктар! Өзүңүздөр билгендей Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бөйрөктү өзүбүздөн алмаштыруу маселесин ишке ашырганбыз. Андан бери 10 чакты бейтаптын бөйрөгү алмашылды. Аларга кеткен чыгымын да мамлекет төлөп берди. Мындан ары дагы бөйрөк алмаштырам деген […]Читать далее
2023-жылы Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөндөн кийин Кыргызстандын авиация кызматкерлери жогорку деңгээлдеги даярдыгы жана жарандык авиация органы тарабынан тийиштүү көзөмөлү үчүн Түркия тарабынан таанылды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты. Ошентип, Кыргызстандын авиация тармагынын өсүшү жана анын эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга умтулуусу белгиленет. Бүгүнкү күндө Түркия […]Читать далее