23-мартта Бишкек шаарынын бардык райондорунда ишембилик өттү. Мэриядан билдиришкендей, ишембиликтин алкагында 371,47 гектар аянт тазаланып, 276 тонна таштанды чыгарылды. Мындан тышкары, борбор калаанын үч районунда ийне жана жазы жалбырактуу дарактардын 1 миң 625 түп көчөтү отургузулду. Дээрлик 25 чакырым сугат арыктары тазаланды. Белгилей кетсек, жалпы шаардык ишембиликке 23 миңден ашык адам […]Читать далее
Бүгүн, 25-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 207 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 297 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 189 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. Белгилей кетсек, 18-мартка […]Читать далее
Бишкекте ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жарандардын массалык эс алуу жайларында курал колдонуу менен жасалган кылмыштарды, зордук-зомбулук иштерин алдын алууга багытталган жолугушуу өткөрдү. Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, жолугушууга борбордогу соода борборлорунун ээлери, администраторлору жана жеке кайтаруу ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Нурбек Абдиев учурдун маанилүү маселелеринин бири терроризмге натыйжалуу каршы туруу […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында жер титиреди 23/03/24 15:59 КЫРСЫК0 Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жер титиреди. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 10:01де орун алып, очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен. Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында 3 балл, Кызыл-Токой жана Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. […]Читать далее
Бишкек шаарынын бардык райондорунда массалык ишембилик өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембилик шаар аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында өткөрүлүүдө. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Ата-Түрк паркын борбордук аппараттын жана төрт райондун кызматкерлери тазалышты. Ошондой эле ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери борборду бекитип берилген […]Читать далее
Жума намаз учурунда мечиттердин айланасында ЖКККББгы жол коопсуздугун камсыздап беришти. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ыйык рамазан айынынын жума күндөрү жума жана таравих намазы учурларында жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салышууда. “Максатыбыз орозо учурунда жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздап, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп, иш-чарага […]Читать далее
Коңшу Тажикистандагы жер титирөө Ош облусунун аймагында да сезилди. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 9:47де Тажикистандын аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым […]Читать далее
Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, шаардыктар жана борбор калаанын коноктору катышты. Бишкек шаарынын мэри жалпы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун дагы бир жолу майрамы менен куттуктап, бардыгына бакыт, ден соолук жана бакубатчылык каалады. Коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик […]Читать далее
Бишкек шаарында коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Быйыл Рамазан айын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясы “Нооруз-2024” майрамын үч күндүк — 20, 21, 22-март күндөрү өткөрөт. Эскерте кетсек, майрам күндөрү борбор калаанын муниципалдык транспортунун иштөө графиги саат 05:40тан 23:40ка чейин сакталат. Кошумчалай кетсек, Нооруз майрамында Чүй проспектиси менен […]Читать далее
Эмгек министрлиги: 2024-жылы Социалдык контракт программасынын багыттарынын бири аарычылык болот
Эмгек министрлиги 2024-жылы берилүүчү Социалдык контракттын алкагында жарандарга багыт берүү максатында айыл-чарба тармагындагы потенциалдуу долбоорлор жана анын багыттары боюнча маалымат берүү үчүн, Сокулук районунда быйылкы жылы социалдык контрактты алуучулар менен жолугушуу уюштурду. Бүгүнкү күндө социалдык контракттын алкагында аарычылык багытында 144 бизнес-долбоор ишке ашырылууда. Уюштурулган иш-чара 2024-жылы пландалып жаткан социалдык контрактты ишке ашырууга туура багыт берүү […]Читать далее