Бишкек мэриясында биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланды. Жыйындын катышуучуларына чарба субъекттерге муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана жер тилкелерин берүү бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү маселесин карап чыгуу, ошондой эле инженердик инфраструктура […]Читать далее
Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, эл менен жолугушууда жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам […]Читать далее
Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жол 1-августтан 2-августка караган түнү саат 01:48де толугу менен ачылган. Эскерте кетсек, кечээ, 1-августта саат 14:00гө жакын Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунунун 147-154-чакырымдарында (Боом капчыгайы) катуу жаандан улам сел жүрүп, жолду жаап калган.Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, 1-4-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.Читать далее
Эртең, 2-августта Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 19:00гө чейин Керимбеков көчөсүндөгү эки турак жайдын суу түтүктөрүнө кошулганына жана диаметри 100 мм болгон авариялык суу түтүктү туташтырууга байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат. Ичүүчү суу Токтогул – Манас – Исанов – Пушкин көчөлөрү чектешкен […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси доктор Мохаммад Саид Мохаммад Аль-Арики менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушууда мэр өз ара пайдалуу кызматташтыкты, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар БАЭ шаарлары менен достук тажрыйба алмашуу маселесин да талкуулашты. Мындан тышкары, мэр Эмилбек Абдыкадыров […]Читать далее
2022-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту. Н.Ниязалиев К.Абдрахмановду Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары катары Кыргызстанга биринчи иш сапары менен куттуктап, Борбордук Азия регионунун өкүлү биринчи жолу ЕККУда мындай жогорку кызматка шайлангандыгын канааттануу менен белгиледи. Өз кезегинде, К.Абдрахманов меймандостук жана […]Читать далее
2022-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал менен жолугушту. Министрдин орун басары Кыргыз Республикасы менен Ага Хан уюмунун ортосундагы мамилелердин учурдагы абалына канааттануусун билдирип, анын алкагында тараптар кечиктирилгис социалдык-экономикалык маселелерди биргелешип чечип, республиканын бийик тоолуу аймактарында калктын аярлуу катмарынын жашоо шарттарын жакшыртуу […]Читать далее
Баткенде 100 миң сомдук аткезчилик жүктү алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында Й.А.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда колго жасалган, буга чейин колдонулган үч электр пилорамасы (айланма станок) табылган. Товардын баасы 100 миң сомду түзгөн. […]Читать далее
Бишкектин Биринчи май районунун аймагында тротуарларды оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Бишкекасфальтсвервис” муниципалдык ишканасы тарабынан Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын 300 метрге жакын бөлүгүндө асфальттын эски катмары алынып, ошол эле учурда геодезиялык изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы асфальттын негизин төшөө жана сугат иштерин уюштуруу иштери жүрүп […]Читать далее