КРнын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары менен ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары жолугушту

 КРнын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары менен ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары жолугушту

2022-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту.

Н.Ниязалиев К.Абдрахмановду Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары катары Кыргызстанга биринчи иш сапары менен куттуктап, Борбордук Азия регионунун өкүлү биринчи жолу ЕККУда мындай жогорку кызматка шайлангандыгын канааттануу менен белгиледи.

    Өз кезегинде, К.Абдрахманов меймандостук жана анын Кыргызстанга болгон иш сапарын уюштуруу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Кыргызстандын аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча аракеттерин белгиледи.

  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы УАЖК кеңсесинин улуттук азчылыктардын укуктарын илгерилетүү маселеси боюнча учурдагы долбоордук ишмердүүлүгүн, атап айтканда, Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн долбоордун алкагында түрдүү маданият жана көп тилдүү билим берүү жаатындагы, ошондой эле коомдо этностор аралык ынтымакка жана жаңжалдарды эрте алдын алууга багытталган башка долбоорлорун талкуулашты.

   Министрдин биринчи орун басары Жогорку комиссардын кеңсесине “Кыргыз жараны” мамлекеттик концепциясын иштеп чыгууда көрсөткөн колдоосу жана аны ишке ашырууда колдоону улантууга, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана Афганистанда жашаган этникалык кыргыздардын маселелерин чечүүдө зарыл көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Связанный пост