КРнын Тышкы иштер министринин орун басары менен Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү жолугушту

 КРнын Тышкы иштер министринин орун басары менен Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү жолугушту

  2022-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал менен жолугушту.

Министрдин орун басары Кыргыз Республикасы менен Ага Хан уюмунун ортосундагы мамилелердин учурдагы абалына канааттануусун билдирип, анын алкагында тараптар кечиктирилгис социалдык-экономикалык маселелерди биргелешип чечип, республиканын бийик тоолуу аймактарында калктын аярлуу катмарынын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча жигердүү иш алып баргандыгын белгиледи. Ошондой эле Афганистандын Улуу Памириндеги этникалык кыргыздарга көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

 

  Д.Кемелова Ага Хан уюму тарабынан Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан программалардын ишмердүүлүгүнө оң баа берип, өлкөнүн өнүгүшүнө Уюм колдоо көрсөтүүнү уланта тургандыгына ишенерин билдирди. Мындан тышкары, Ага Хан уюму Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна долбоорлорду илгерилетүүдө жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө туруктуу түрдө жардам берип келгендиги белгиленди.

 

  Министрдин орун басары быйылкы жыл Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыяланганып, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында жыл ичинде тоолорду өнүктүрүүгө арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал маектешине Кыргызстандын тоо демилгелери тууралуу кеңири маалымат берди.

 

   Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Б.Фазал Кыргыз Республикасындагы долбоорлорду, анын ичинде тоо коомчулуктарын колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр экендигин ырастады.

Тараптар ошондой эле Борбордук Азия университетинин Кыргыз Республикасынын жарандарына гана эмес, Борбордук Азия аймагынын өкүлдөрүнө да сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Связанный пост