Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жыйында жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнда өз көйгөйлөрүн билдиришүүдө. Ар бир кайрылууну Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчылары кабыл алышууда, алар боюнча башкы көзөмөл органы тарабынан тийиштүү […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында “Баланы туура эмизүү, эне сүтү балага баалуу” жумалыгы өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жумалыктын алкагында шаардын №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери, ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери кош бойлуу энелерге балага кам көрүүдө жана эненин саламаттыгын алдын алуу, эне сүтүнүн бала үчүн маанилүүлүгү жаатында окутуу өткөрдү. Окутууда […]Читать далее
Бишкектеги Түштүк-2 кичирайонунда жаңы лифт пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, “Бишкекшаалифт” муниципалдык ишканасы бир муниципалдык лифтти алмаштыруу боюнча пилоттук долбоор алкагында “Унаа курулуш” ЖЧК менен келишим түздү. “Аталаган келишимдин негизинде Түштүк-2 кичи районундагы №8 үйдүн 1-подьездеги лифтти толугу менен алмаштырылат. “Унаа курулуш” тарабынан демонтаж иштери башталды. Лифтти толук орнотуу иштери […]Читать далее
Аламүдүн суусунан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы “Кой-Таш” эс алуу борборунда 1998-жылы туулган М.А. аттуу жигит Аламүдүн суусуна агып кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жигиттин сөөгүн суудан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Читать далее
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, бардык МАБдарда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар үчүн оюн-зоок программасы уюштурулуп, анын жүрүшүндө “Иллюзия” балдар оюн-зоок комплексинде балдар үчүн иш-чаралар өткөрүлдү. Мындан тышкары, балдар үчүн шаардагы чоң кинотеатрлардын биринде мультфильмдер […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратын салтанаттуу түрдө ачты. Садыр Жапаров иш-чарага чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, учурда мамлекетти өнүктүрүү менен катар өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук коопсуздук органынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого, чекисттердин кызмат өтөөсүнө зарыл шарттарды түзүүгө, алардын айлык акыларын жогорулатууга жана турак жай менен камсыз кылууга зарыл […]Читать далее
Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин калк менен жолугушуусу болуп өттү. Белгилей кетсек, жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, ошондой эле тармактык министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышууда. Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар акысыз […]Читать далее
Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги менен Жашыл каржылоо борбору (GFC Bishkek) кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар “Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар” Бишкек шаарынын өнүктүрүү Программасынын алкагында, Бишкек шаарында жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча тиешелүү бизнес-консультацияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү жана натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү, эл аралык каржылоо […]Читать далее
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы фонтандарды жууп тазалоодо. Азырыкы тапта жаштар аллеясындагы, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Тарых музейинин алдындагы, «Ала-Тоо» аянтындагы фонтандар жуулуп жатат. Ошондой эле, “Күн балыктары”, “Алтын Балыктар” фонтан комплекстери да унутта калган жок. Тазалоо иштерине жалпы 10 жумушчу жана 3 атайын техника тартылган. Күн сайын адистер фонтандардын ичтериндеги жалбырактарды, ар […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тосту айылынын Сай-Конок тилкесинде кубаттуулугу 500 кВт болгон кичи ГЭСтин курулушу башталды. Курулуп жаткан кичи ГЭСти 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштерине кыргызстандык Нурланбек Ормонов инвестиция салган. Курулуштун сметалык баасы 720 миң АКШ долларын түзөт.Читать далее