Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга 2025-жылдын 11 айында жалпы 127,6 млн сомдон ашуун компенсация төлөп берди. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат жана коомчулук менен байланыш кызматы билдирди. Маалымдалгандай, турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөргө токтолсок, жалпы 236 учур катталып, төлөнгөн сумма 30 млн 561 миң 946 сомду түздү. Анын ичинен өрт кырсыгына […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы кайталанган аталыштарды жоюу максатында бир катар көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, төмөнкү көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү сунушталууда: Михаила Фрунзе көчөсүн, Дэн Сяопин, Чүй, Шабдан баатыр проспектилерин — Чүй проспектиси; 7-Апрель жана Курманжан датка көчөлөрүн — Курманжан датка көчөсү; Жайыл баатыр жана Кайыков көчөлөрүн, Абсамат Масалиев жана Аалы Токомбаев проспектилерин […]Читать далее
Бишкек шаардык мэриясы учурда жылуулук электр борборунун кампаларында 243 650 тонна көмүр бар экенин билдирди. “Бул көлөмдөгү катуу отун жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз иштеши үчүн жетиштүү”, – деп айтылат маалыматта. 2025-2026-жылдардагы күз-кыз мезгилин жабуу үчүн жалпысынан 1 400 000 тонна көмүр талап кылынары белгиленди. Көмүр жеткирүү белгиленген график боюнча жүргүзүлүп жатканы жана жылытуу мезгилинин аягына […]Читать далее
Бүгүн, 8-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровтун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, социалдык тармактарда Чүй проспектисиндеги соода борборлорунун жанына курулуп жаткан соода түйүндөр, унаа токтотуучу жайлар жана аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча кызуу талкуулар жүргөн. Мындан улам УКМК […]Читать далее
Өлкөнүн башкы балатысы салттуу түрдө 15-декабрда Ала-Тоо аянтында жанат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Балатынын негизги конструкциясынын бийиктиги 32 метрди, ал эми жылдызы менен кошо 35 метрди түзөт. Жаңы жылдык кооздукка 2 миң даана көк жана күмүш түстөгү шарлар илинет. Ошондой эле аянтта өлкөдөгү эң чоң муз аянтчасын ачууга даярдык көрүлүүдө – […]Читать далее
Республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинге жабылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын күч алышына байланыштуу балдардын абалы Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тыкыр көзөмөлүндө турат. “Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык Агартуу […]Читать далее
Бишкек шаарында быйылкы жылдагы негизги тармактык иш-чаралардын бири – «Туруктуу жана инновациялык кызматтар» аттуу темада 2025-жылкы суу менен камсыздоо жана санитария боюнча форум өтүүдө. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, суу чарба ишканалары, эл аралык уюмдар жана адистер катышууда. Аталган форум Кыргызстандагы суу секторунун туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон системдик реформаларды […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырып жаткан KG RESILAND долбоорунун алкагында Европанын космостук агенттиги (ESA) жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен окутуучу тренинг өтүп жатат. Тренингдин негизги максаты — жер деградацияга кабылуу процесстерин аныктоо жана картографиялоо үчүн GMF жана GISAT ыкмалары менен тааныштыруу, ошондой эле жердин начарлашы менен сел агымдарынын кайталануу жыштыгынын өз ара байланышын изилдөө. 25–26-ноябрда […]Читать далее
Кыргызстанда 50-55 кабаттуу үйлөрдү курууга болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу билдирди. Анын айтымында, буга чейин жеке компаниялар максималдуу 27 кабат менен чектелип, асман тиреген имараттарды куруу жоопкерчилигин мойнуна алуудан коркуп келишкен. Бирок, кырдаал өзгөрдү. “Башкаруу жөндөмүн көрсөткөн президент Садыр Жапаров […]Читать далее
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жыл аягына чейин 250 социалдык объектини пайдаланууга берүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө курулуш министринин орун басары Талант Иманакунов билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда 651 объектинин курулушу активдүү уланууда. “422 объектиде курулуш иштери жүрүп жатса, ал эми калгандары долбоорлоо стадиясында. Быйыл курулуш тармагына 14,5 млрд […]Читать далее