Кыргызгидромет кызматы абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу эскертүү берди. Анын маалыматына караганда, 3-5-июлда ысык аба-ырайы кырындык менен жогорулашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +35…+40°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +36…+41°ка ал эми Талас облусунун аймагында+33…+38°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык […]Читать далее
Салык кызматынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Салык кызматы менен Бажы кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарыла турганын билдирди. “Мен жакында эле Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго бул чечимди кабыл алганыбызды билдирдим”, – деди Адылбек Касымалиев. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кызматтардын штаттык саны жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калаарын баса […]Читать далее
Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясынын алкагында республика боюнча 5825 унаа каттоодон өттү. Аймактар боюнча караганда: Бишкек шаарында — 1404; Ош шаарында — 337; Баткен облусунда — 301; Жалал-Абад облусунда— 807; Нарын облусунда — 140; Ош облусунда — 792; Талас облусунда – 286; Чүй облусунда – 1540; Ысык-Көл облусунда – 218. Кыймылдаткычынын кубаттуулугу боюнча: 2000 […]Читать далее
Бүгүн саат 09:00гө карата алынган маалыматка ылайык, Такыр-Төр көлүнүн суусунун көлөмү көбөйүп, 782 адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар Алмалуу айлынан 500 адамды, Кебек-Бий (Горная-Серафимовка) айылынан 240 адамды, Төмөнкү-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнөн 42 адамды коопсуз жайга эвакуациялашты. Төмөнкү-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүндөгү жарандар тез жардам унаасы менен эвакуацияланды. Эвакуация иштерине ӨКМден 21 кызматкер, […]Читать далее
Учурда өлкө аймагында жалпы 362 социалдык объект курулууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди. Анын айтымында, аталган объекттердин курулуш иштерине быйыл мамлекеттик бюджеттен 9 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн . “Бул абдан жакшы көрсөткүч. Аймактарга бөлүп карай турган болсок: Чүй облусунда – […]Читать далее
Технопаркта мугалимдерге берүү үчүн 3,5 миң ноутбук даярдалууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барган учурда белгилүү болду. Ведомствонун маалыматына караганда, анда министр мугалимдерге берилүүчү ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду. КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев министрди аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен тааныштырды. Технопарктын директору Касымбек Келебаевдин […]Читать далее
Быйыл өлкөдө 11 миң үй-бүлө көгүлтүр отко кошулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул бир гана компаниянын чечими эмес. Бул мамлекеттик органдар тарабынан тыгыз иштелип чыккан чечим. Газдаштырууда борбор калаа менен Чүй облусуна басым жасалып, учурда Новопокровка айылына […]Читать далее
Кыргызстандын жергиликтүү дарбыздары бышып, базар, дүкөндөрдүн текчелерине коюла баштады. Эң алгачкы дарбыздар Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында бышып, жергиликтүүлөрдү бакча өсүмдүктөрү менен камсыз кылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, дарбыздар шириндиги менен өзгөчөлөнүп, органикалык жол менен багылып, аны өстүрүүдө кошумча дары-дармектер колдонулбайт. Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча […]Читать далее
Кыргызстанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн комиссиясынын бешинчи отуруму болуп өттү. Отурум Кыргызстандын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Отурумга балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин эксперттери жана коомдук ишмерлери катышты. Күн тартибинде […]Читать далее
Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын кеңири санариптештирүү иштери уланууда. Бул багыттагы негизги кадамдардын бири — санарип аттестаттарды киргизүү. Бул тууралуу агартуу министринин санариптештирүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди. Учурда 2000-жылдан бери берилген аттестаттардын архивин санариптештирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Самыкбаеванын айтымында, бул ишти кагаз архивдери сакталып калган мектептер өздөрү жүргүзүшүүдө. Маалыматтардын так идентификациясына өзгөчө […]Читать далее