“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кениндеги долбоорлордун ишке ашырылышын жана өндүрүш процесстерин текшерди. Бул тууралуу компаниядан билдиришти. Анын алкагында “Кыргызалтындын” башчысы кенде алтынды жер астынан казып алуу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышып, ири жүк ташуучу унааларга орнотулган, кайра калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн сыноо иштеринин жүрүшүн текшерди. Ошондой эле кендин борбордук жана Сары-Төр карьерлеринин, алтын […]Читать далее
Мындан ары бир жылдык ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирет. Кырсык болгон учурда: – Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин; – Жаракат алгандарга — 100 000 сомго чейин; – Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган. “Адам өмүрү баарынан кымбат! Күтүүсүз келген кырсыктан кудай […]Читать далее
Автоунаасын камсыздандырбагандар 1-июлдан тарта мыйзам чегинде айып пул төлөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мыйзам 2016-жылдан бери иштеп келсе да, өлкөдө камсыздандырууга жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келген. “Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО), аты айтып тургандай эле негизинен жоопкерчиликти камсыздандыруу […]Читать далее
Ветеринардык кызмат январь-май айларында тамак-аш коопсуздугун камсыздоо багытында жигердүү иштерди жүргүздү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, белгиленген мөөнөт ичинде республикалык деңгээлде 1 146 ишкердик субъектти текшерүүгө макулдашуу алынган, алардын ичинен 981 субъект текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында 332 көрсөтмө берилип, ветеринардык-санитардык талаптар менен көрсөтмөлөрдүн аткарылбагандыгы үчүн жалпы 761 миң сом […]Читать далее
2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги мааракелик иш-чараларынын тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кабыл алынган документ өлкөнүн тарыхый, маданий, илимий жана коомдук турмушунда өзгөчө орду бар инсандарды, окуяларды жана маанилүү даталарды татыктуу белгилөөгө жана эскерүүгө багытталган. Бул иш-чараларды өткөрүү жарандардын тарыхый аң-сезимин жана мекенчил […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Айбек ЖунушалиевбБүгүн Астана шаарында “Борбор Азия – Кытай” экинчи өнөр жай-инвестициялык форумуна катышты. Мэриядан билдиришкендей, форумдун пленардык жыйынынын алкагында мэр Бишкек шаарынын инвестициялык потенциалы тууралуу презентация жасап, жагымдуу инвестициялык климатты жана туруктуу шаардык чөйрөнү түзүү боюнча мэриянын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Мэрдин сөзүндө өзгөчө көңүл мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн келечегине, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле […]Читать далее
19-июндан тарта Бишкек – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди бейшемби, ал эми 23-июндан баштап дүйшөмбү күндөрү да каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мурда аталган поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап келген болсо, эми 19-июндан 7-июлга чейин дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 7-июлдан […]Читать далее
Кыргызстанда 19-июндан 20-июнга караган түнү дебитордук карызы көп болгон «Газпром Кыргызстан» абоненттерине жаратылыш газын берүү токтотулат. Компаниядан белгилешкендей, газ кызматтары жарандардан жаратылыш газга болгон карызды төлөөнү өтүнөт. Карыздын суммасын төмөнкүлөр аркылуу билсе болот: жаратылыш газга эсеп-дүмүрчөк; «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси; gazprom.kg сайтынан жеке кабинет; 4444 сурап-билүү кызматы (уюлдук телефондон чалуу акысыз). Карызды компаниянын филиалдарында төмөнкү […]Читать далее
Бүгүн Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди санариптештирүү жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан “Айтил” улуттук платформасынын бет ачары өттү. Иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөлөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис […]Читать далее
Өлкөдө айдоочулук күбөлүк алуучуларга медициналык маалымкатты онлайн берген жаңы электрондук мамлекеттик кызмат ишке кирди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эми Кыргызстандын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат. Муну менен кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга […]Читать далее