Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун аталган окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Түркиянын Малатия шаарынан иш сапары менен келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтылды. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн өткөн. Жолугушууда профессор Ахмет Кызылай – […]Читать далее
Улуттук онкология жана гематология борбору (НКО) жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын радиология бөлүмү «Чек арасыз дарыгерлер» (MSF) уюму менен биргеликте маммография, сүт бездерин Ультра үндүү изилдөө жана Ультра үндүү изилдөө көзөмөл астында биопсия жасоо тармагында квалификацияны жогорулатууга багытталган бир катар окуу мастер-класстарын өткөрүүдө. Мындай мастер-класстар өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат жана «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун сүт бездеринин рагын […]Читать далее
ДССУ Кыргызстанга өзгөчө кырдаалда кечиктирилгис меджардам көрсөтүү үчүн комплекттерди берди
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстандагы Улуттук госпиталдын катастрофалык медицина жана шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди акысыз берди. Уюмдан билдиришкендей, гуманитардык жардам атайын тигүүчү материалдар, анестезия жана хирургиялык дренаждар, стерилизация жана интубация комплекттери (ларингоскоп менен), жалпы хирургиялык комплекттерди камтыйт. Өткөрүлүп берилген жүктүн […]Читать далее
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттык сактоо министри доктор Фахреттин Кожа менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу Алымкадыр Бейшеналиевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагында өттү. Бейшеналиев кесиптеши менен жолугушууда тараптар эки өлкөнүн медицина жана фармацевтика тармагындагы кызматташуусунун келечегин жана артыкчылыктарын активдүү талкуулашты. Кадрлар менен камсыз кылуу, Кыргызстандын медициналык адистерин түрк клиникаларында окутуу, […]Читать далее
Кыргызстан менен Түркмөнстан санариптик саламаттык сактоо жаатында кызматташат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев Түркмөнстандын делегациясын кабыл алды. Жолугушууда министрдин орун басары саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо жаатындагы мамлекеттик саясат жана артыкчылыктуу багыттарга токтолду. “iEPID” – саламаттык сактоо тармагындагы инциденттерге мониторинг жүргүзүү үчүн […]Читать далее
“Аймактарды өнүктүрүүнүн социалдык өнөктөштүк фонду” Коомдук фондунун колдоосу менен 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору АКШдан “Иридотомия үчүн лазер – OCULIGHT SLxIRIDEX” аппаратын алган. Эл аралык стандарттарга толук жооп берген бул заманбап аппарат балдардын ретинопатиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис курал. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун офтальмология бөлүмүндө аталган […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы “Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борбору” федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинде болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, министрдин РФ Илимдер академиясынын башкы директору, академик, профессор, медицина илимдеринин доктору Андрей Каприн менен жолугушуусу эки өлкөнүн медицина илими жана медициналык билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп […]Читать далее
Биринчи медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууга 11,45 млн доллар бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин буйругу менен “Биринчи медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын кошумча каржылоо” долбоору боюнча гранттык макулдашуулардын тексттери Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан жалпы суммасы 11,45 млн доллар […]Читать далее
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таанышуу сапары менен барды. Ведомстводон билдиришкендей, бул сапар 2021-жылдан тартып ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы энелердин жана ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу максатында ДССУнун стационардык жардамды жакшыртуу боюнча долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Жолугушууда тараптар стационардык жардамды […]Читать далее
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул тууралуу бүгүн, 9-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шаянын жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Ведомстводон белгилешкендей, жолугушуунун алкагында Алымкадыр Бейшеналиев менен шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая Эне жана баланы коргоо улуттук […]Читать далее