Түркиялык медициналык адистер Кыргызстандын органдарды трансплантациялоого даярдыгын баалап жатышат

 Түркиялык медициналык адистер Кыргызстандын органдарды трансплантациялоого даярдыгын баалап жатышат

Кыргызстандагы клиникалардын боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча жогорку технологиялык операцияларды жүргүзүүгө даярдыгын баалоо үчүн Бишкекке Инөнү университетинин ректору, академик Ахмет Кызылай баштаган түркиялык медициналык адистерден турган делегация келди.

Иш сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Ормонов менен бирге Улуттук хирургиялык борборго жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна клиникалардын органдарды трансплантациялоо операцияларын жасоого даярдыгы менен таанышуу үчүн барышты.

Улуттук хирургия борборунун даярдыгы менен таанышуу маалында түрк адистери операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, кошумча керектүү медициналык жабдуулар боюнча өз сунуштарын беришти. Сөөк чучугун трансплантациялоого даярдык боюнча айтсак, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмү бардык талаптарга толук жооп берет.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургиялык борбор боорду трансплантациялоо боюнча координациялык борбор, ал эми улуттук эне жана баланы коргоо борбору жилик чучугун трансплантациялоо боюнча координациялык борбор болоорун баса белгиледи. «Органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарында жогорку технологиялык дарылоону киргизүү өлкө президенти Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө болуп, боорду трансплантациялоону ийгиликтүү баштоо үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга 2 миллион доллар жана УХБнын операциялык жана реанимация бөлүмдөрүн оңдоо иштерине кошумча 20 миллион сом бөлүнөт», – деп билдирди министр.

Түрк адистеринин иш сапары Кыргызстан менен Түркиянын медицина тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө жана аймактагы трансплантологияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт.

Связанный пост