ОшМУнун медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат

 ОшМУнун медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат

Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун аталган окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Түркиянын Малатия шаарынан иш сапары менен келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн өткөн.

Жолугушууда профессор Ахмет Кызылай – İnönü (Инөнү) университети ОшМУ менен түзүлгөн меморандумдун алкагында баш сөөк, боор, бөйрөк органдарын алмаштыруу боюнча окуу жайдын медициналык клиникасынын дарыгерлерин тажрыйбасын жогорулатуу боюнча окутуулар жүргүзүүлөрүн айтты.

Мэр Бакытбек Жетигенов бул демилгени колдоп, жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Мындан сырткары, Малатия шаары менен боордоштук байланышын түзүү маселелери да талкууланды.

Связанный пост