“Кызыл-Аскер” конушунун Сельсовецкая көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 кабаттуу, жер төлөсү менен кошумча имарат курулууда. Жаңы имарат 150 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1402 чарчы метрди түзөт. Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар болот. Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган. Кошумча […]Читать далее
Дүйнөлүк банктын эки долбоорунун алкагында КР Саламаттык сактоо министрлиги диагностикалык процедуралар үчүн 5 компьютердик томография сатып алынды. Министрликтин маалыматына ылайык, компьютердин томографиялар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустук бириккен ооруканаларына берилди. “Бүгүнкү күндө диагностикалык медициналык жабдууларды орнотуу үчүн зарыл болгон бардык даярдык иштери жеринде бүткөрүлүп,компьютердик томографияны орнотуу процесси жүрүп жатат. Жаңы медициналык жабдуулар ар […]Читать далее
USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору №1, №2, №9 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жана Темир жол ооруканасынын кургак учукка каршы кабинеттери үчүн медициналык жабдуулардын топтомун сатып алып, тапшырды. Бишкектин тубкабинеттери рентген-сүрөттөрдү көрүү үчүн негатоскопторду, перифериялык нейропатияны аныктоо үчүн камерондорду, бой ченегич менен таразаларды, Сивцев таблицаларын жана көрүүнү текшерүү үчүн Ишихар тесттерин, муздаткыч баштыктарды жана биоматериалдарды (какырыкты) ташуу […]Читать далее
Бишкек жана Ош шаарларында реаниматологдор үчүн COVID-19 учурунда оорулуулардын дем алуусун женилдетуу боюнча практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүү боюнча тренингдер өткөрүлдү. Тренингде инвазивдүү жана инвазивдүү эмес вентиляциянын негиздери да камтылган. Тренинг Дүйнөлүк банктын “COVID-19га тез чара көрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган. Окууга райондук, облустук жана республикалык саламаттык сактоо уюмдарынан 100дөн ашык реаниматологдор катышты. Окутуу программасы коронавирус менен ооруган […]Читать далее
Ноокат районунун Көк-Жар айылынын борбордук стадионунда 8 бөлүктөн турган мультидиагностикалык мобилдик клиника ишин баштады. Аталган клиника электрондук кезеке туруу тартиби менен 3 ай бою жергиликтүү тургундарга акысыз медициналык жардам көрсөтөт. Базасында компьютердик томография, УЗИ, маммограф, ренгтген, гастроскоп, колоноскоп, риносокп, эхокардиограф сыяктуу жабдыктар, лабооратория, хирургия жана тез жардам унаасы бар. Кайрымдуулук мобилдик клиниканы Кыргызстан үчүн Ислам […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү негизделген жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бөлүмдөр заманбап жабдуулар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан Кувейт мамлекетине жана «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесине […]Читать далее
Акылбек Жапаров КММА Республикалык диагностикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Республикалык диагностикалык борборунун иши менен таанышты. Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айында мурда Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы диагностикалык борбор билим берүү максатында пайдалануу үчүн жогорку окуу жайдын оперативдүү башкаруусуна өткөрүлгөн. Учурда мекемеде оңдоо иштери жүрүп жатат. Академиянын […]Читать далее
Кыргызстанда СOVID-19га каршы 90 күндүк эмдөө кампаниясы башталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана COVID-19 маалынын эпидемиологиялык күчөшү учурунда Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) калкты бустердик дозалар менен эмдөөнүн темпин жогорулатууда. Вакцинанын бустердик дозаларын 4-6 ай мурда эмдөөнүн толук курсун (1, 2-доза) алган республиканын бардык жарандары […]Читать далее
Бүгүн, 20-сентябрь саат 15:00гө карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Белгиленгендей, ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 адам дарыланып жатат, ал эми 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.Читать далее