100дөн ашык реаниматологдор COVID-19 учурунда бейтаптардын дем алуусун женилдетуу боюнча ыкмаларды өздөштүрүштү

 100дөн ашык реаниматологдор COVID-19 учурунда бейтаптардын дем алуусун женилдетуу боюнча ыкмаларды өздөштүрүштү
Бишкек жана Ош шаарларында реаниматологдор үчүн COVID-19 учурунда оорулуулардын дем алуусун женилдетуу боюнча практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүү боюнча тренингдер өткөрүлдү. Тренингде инвазивдүү жана инвазивдүү эмес вентиляциянын негиздери да камтылган.
Тренинг Дүйнөлүк банктын “COVID-19га тез чара көрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган. Окууга райондук, облустук жана республикалык саламаттык сактоо уюмдарынан 100дөн ашык реаниматологдор катышты.
Окутуу программасы коронавирус менен ооруган бейтаптар менен түздөн-түз иштеген дарыгерлердин муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн.
Тренингдер 2022-жылдын 3-7-октябрында Ош шаарында, 10-14-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлдү.
Долбоордун максаты – Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы даярдыгы жана жооп кайтаруу жаатындагы аракеттерине тийиштүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, буюмдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн тобокелдиктерди азайтуу.

Связанный пост