Кыргызстанда СOVID-19га каршы 90 күндүк эмдөө кампаниясы башталды

 Кыргызстанда СOVID-19га каршы 90 күндүк эмдөө кампаниясы башталды

Кыргызстанда СOVID-19га каршы 90 күндүк эмдөө кампаниясы башталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана COVID-19 маалынын эпидемиологиялык күчөшү учурунда Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) калкты бустердик дозалар менен эмдөөнүн темпин жогорулатууда.

Вакцинанын бустердик дозаларын 4-6 ай мурда эмдөөнүн толук курсун (1, 2-доза) алган республиканын бардык жарандары ала алышат.

“Бустердик дозаларды Кыргызстанда колдонууга уруксат берилген вакциналар менен алса болот. Бүгүнкү күндө өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү санда. Мүмкүн болушунча көп адам ооруканага жаткыруудан жана COVID-19дун кесепети алып келген өлүм учурларынан коргонуусу үчүн ССМ ар бир адамга экинчи бустердик дозаны колдонуу чечимин кабыл алды. Айрыкча 4-доза өнөкөт оорулары бар адамдарга жана 60 жаштан ашкандарга сунушталат.”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост