Акылбек Жапаров КМ­МА Республикалык диа­гностикалык борборун­ун ишмердүүлүгү менен таанышты

 Акылбек Жапаров КМ­МА Республикалык диа­гностикалык борборун­ун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Республикалык диагностикалык борборунун иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айында мурда Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы диагностикалык борбор билим берүү максатында пайдалануу үчүн жогорку окуу жайдын оперативдүү башкаруусуна өткөрүлгөн.

Учурда мекемеде оңдоо иштери жүрүп жатат. Академиянын эсебинен 21 115 480 сомго медициналык жабдуулар жана медициналык буюмдар сатылып алынган.

Министрлер Кабинетинин башчысы борбордун имаратын көрүп чыгып, бейтаптардын тиешелүү консультацияларды алуусу жана дарылануусу үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Связанный пост