Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы бөлүмдөрү ачылды

 Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы бөлүмдөрү ачылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү негизделген жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Бөлүмдөр заманбап жабдуулар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан Кувейт мамлекетине жана «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесине жаңы имараттын курулушу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өткөн жылы бул жерге капсула салынып, бүгүнкү күндө заманбап жабдуулар менен жабдылган, эл аралык стандарттарга жооп берген офтальмология жана отоларингология бөлүмдөрүн ачып жатабыз. Кичинекей бейтаптарды дарылоо үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Биз заманбап медициналык технологияларды, жаңы ыкмаларды колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматты өнүктүрүүгө жана муктаж болгон ар бир балага анын өмүрү үчүн болгон күрөштө колдон келген жардамды көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Балдар – биздин бактыбыз, кубанычыбыз жана келечегибиз, алардын ден соолугуна кам көрүү улуу муундун милдети. Өлкөбүздүн эң негизги байлыгы – эл. Элибиздин жаркын келечеги дал ушул жаш муундардан көз каранды. Андыктан дени сак жаш муундун өсүп жетилиши мамлекет үчүн абдан маанилүү», – деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, буга чейин “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмеси тарабынан Улуттук борбордо диагностикалык клиника, кан оорулары жана трансплантация бөлүмү, балдар онкологиясы жана гематология бөлүмү курулган.

Маалымат үчүн: Отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү жайгашкан аянты 3293 ка. метр болгон 5 кабаттуу имаратты курууга жана жабдууга «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан 174,5 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, уюм Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында сметалык наркы 120 млн сомдук 3 кабаттуу имараттын курулушун бүткөрүүгө даяр экендигин тастыктады.

Связанный пост