“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереянын активдүү катышуучуларынын аркасында Мамлекеттик салык кызматы салык мыйзамдарын системалуу түрдө бузган бир катар ишкерлерди аныктады. 2022-жылдын 10-майынан тартып “Салык чек” мобилдик тиркемеси аркылуу лотереянын катышуучуларынан 11 миң 162 даттануу келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү буга чейин иштелип чыккан. Даттанууларда негизинен кассалык чектердин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле чектерди иштеп чыгуудагы жана тиркемеден ID-билеттерди […]Читать далее
Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн аянтчалар орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, муниципалитетте таштандыларды бөлүп чогултуу боюнча пилоттук долбоорду уюштуруу үчүн борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жыйыны өттү. Шаарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин өкүлдөрү катуу таштандыларды өзүнчө бөлүп чогултууну уюштуруу тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Ташкентке иш сапары менен барышкан. […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кадамжай районундагы убактылуу жайгашуу борборуна эвакуацияланган чек арага жакын жайгашкан Марказ айылынын жашоочулары менен жолугушту. Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр Кадамжай районуна министрликтин багыты боюнча 15 тонна ун келип түшкөнүн, ошондой эле кийим, бут кийим жана башка керектүү буюмдар түрүндө гуманитардык жардам берилгенин айтты. “Министрликтин тармагы боюнча […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 26-сентябрда, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди. Экипаждын үч мүчөсү аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү […]Читать далее
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу борбордо Баткен районунун тургундары үчүн 4 пункт ачылды. Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса Баткен тургундары аталган пункттарга кайрыла алат. Пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан: – Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу проспектиси, 495, маалымат үчүн телефон: 0(312) 670433, 0700 020167; – Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: […]Читать далее
Баткен облусунда чек арадагы жаңжалдан улам үйлөрүн таштап кеткен 92 миң 521 тургун туруктуу жашаган жерлерине кайта баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Белгилей кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда 136 миң 770 жашоочу эвакуацияланган. Анын ичинен 4 миң 207 жаран эвакуациялык пунктарга жайгашып, 3 миң 800 жаран башка […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин тараптардын ортосунда чоң күч-аракет менен сакталып жаткан тынчтыкты бузууга жасаган кезектеги аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык билдирет. КР ТИМдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат: “Өзүнүн негизсиз айыптоолору менен бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында толугу менен өзүн өзү дискредитациялаган Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн чагымчыл аракет деп эсептейбиз. Кыргызстанда «тажик […]Читать далее
Тажикстандын куралдуу агрессиясынан талкаланган объектилер боюнча ЖМК өкүлдөрүнө пресс-тур өткөрүлдү
Тажикстан Республикасы тарабынан 2022-жылдын 14-17-сентябрында орун алган куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер боюнча дипломаттар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, […]Читать далее
Бишкектеги Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан “Кудайберген” базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жеринде бир өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп жатат. “Айыл банктын” филиалынын кызматкерлери имараттан эвакуацияланды. Кошумча маалымат берилет.Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна кетишти. Алар жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрөт. Мындай чечим бүгүн, 22-сентябрдагы парламенттин жыйынында кабыл алынды. Эске сала кетсек, бүгүн эл өкүлдөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал тууралуу министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында укту. Жыйында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов депутаттарга […]Читать далее