Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн аянтчалар орнотулат

 Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн аянтчалар орнотулат

Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн аянтчалар орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, муниципалитетте  таштандыларды бөлүп чогултуу боюнча пилоттук долбоорду уюштуруу үчүн борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жыйыны өттү.

Шаарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин өкүлдөрү катуу таштандыларды өзүнчө бөлүп чогултууну уюштуруу тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Ташкентке иш сапары менен барышкан.

Сапардын жыйынтыгында ар бир районго  бирден таштанды чогултуучу жай орнотуу чечими кабыл алынды.

Связанный пост