Кудайберген Базарбаев Баткенде Марказ айылынын жашоочулары менен жолугушту

 Кудайберген Базарбаев Баткенде Марказ айылынын жашоочулары менен жолугушту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кадамжай районундагы убактылуу жайгашуу борборуна эвакуацияланган чек арага жакын жайгашкан Марказ айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр Кадамжай районуна министрликтин багыты боюнча 15 тонна ун келип түшкөнүн, ошондой эле кийим, бут кийим жана башка керектүү буюмдар түрүндө гуманитардык жардам берилгенин айтты.

“Министрликтин тармагы боюнча Баткен облусун социалдык жактан коргоого 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул балдарга жана чоңдорго ар кандай жеңилдиктер. Мындан тышкары, Сиз мамлекет менен социалдык келишим түзүп, чакан бизнес ачууга 100 миң сом акысыз ала аласыз.

Бүгүнкү күндө министрлик мындай келишимдерди өлкө боюнча түзүп жатат. Адамдар ири жана майда бодо малды, тигүүчү машиналарды жана ашкана шаймандарын сатып алышат. Жаңы долбоорду ишке ашыруу учурунда акча алган алгачкы 100 адам аз камсыз болгондорго жөлөк пул алуучулардан чыга алышты. Баткен облусу үчүн 25 млн сом салынган”, – деди министр.

Марказ айылынын жашоочулары менен жолугушуу Кудайберген Базарбаевдин Баткен облусу боюнча иш сапарынын жүрүшүндө болуп өттү.

Связанный пост