Баткенде 92 миңден ашуун тургун үйлөрүнө кайта баштады

 Баткенде 92 миңден ашуун тургун үйлөрүнө кайта баштады

Баткен облусунда чек арадагы жаңжалдан улам үйлөрүн таштап кеткен 92 миң 521 тургун туруктуу жашаган жерлерине кайта баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда 136 миң 770 жашоочу эвакуацияланган. Анын ичинен 4 миң 207 жаран эвакуациялык пунктарга жайгашып, 3 миң 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунан 5 миң 301 тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн.

“Баткен облусуна жалпы 1500 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 264 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1036 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 199 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Связанный пост