Салык кызматынын лотереясынын катышуучуларынан кассалык чек берилбегендиги боюнча 11 миңден ашык даттануу келип түшкөн

 Салык кызматынын лотереясынын катышуучуларынан кассалык чек берилбегендиги боюнча 11 миңден ашык даттануу келип түшкөн

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереянын активдүү катышуучуларынын аркасында Мамлекеттик салык кызматы салык мыйзамдарын системалуу түрдө бузган бир катар ишкерлерди аныктады.

2022-жылдын 10-майынан тартып “Салык чек” мобилдик тиркемеси аркылуу лотереянын катышуучуларынан 11 миң 162 даттануу келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү буга чейин иштелип чыккан.

Даттанууларда негизинен кассалык чектердин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле чектерди иштеп чыгуудагы жана тиркемеден ID-билеттерди берүүдөгү каталар көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучуларынын жардамы менен салык мыйзамдарынын талаптарын четке кагып, сатып алуучулар менен эсептешүүдө кассалык чек беришпеген 75 субъект аныкталды.

Алсак, Бишкек шаарындагы “Мегасити” дүкөндөр тармагына 141 даттануу, “Оптовые цены” дүкөнүнө – 125, “Шекер” – 49, “Сити Маркет ” – 35, “Мега косметикс” – 19, “Метро” – 28, “Бимар” – 26, “Ак куш” – 16, “Бекбекей” – 17 даттанууал эми “Реалист”, “Финик”, “Береке+”, “Кампа”, “Любимый”, “У дома” дүкөндөрүнө – 25тен, “Бум”, “Ми стор”, “Я мама” – 12ден даттануу келип түшкөн. “Фаиза” кафесинин тармагына жарандар 46 жолу, “Буфет” – 24, “Осмон Кебаб” – 18, “Гурман” – 17 жолу арызданышты.

Ош шаарында “Акниет” дүкөндөр тармагына 67 даттануу, “Корзинка” дүкөнүнө – 12, “Алай” кафесине – 14, “Лаваш борбору” – 14 даттануу түшкөн.

Ушундай эле даттануулар республиканын башка региондорунда жайгашкан дүкөндөргө жана коомдук тамактануу жайларына карата келип түшкөн.

Салык органдары мыйзам бузуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жаза чараларын көрүшкөн.

Эскерте кетсек2022-жылдын 1-октябрында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереяны ойнотуунун экинчи этабы өткөрүлөт, анда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 авто унаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 16 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

Связанный пост