Бишкекте баткендиктерге кеңеш берүү үчүн 4 пункт ачылды

 Бишкекте баткендиктерге кеңеш берүү үчүн 4 пункт ачылды

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу борбордо Баткен районунун тургундары үчүн 4 пункт ачылды. Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса Баткен тургундары аталган пункттарга кайрыла алат.

Пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:

– Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу проспектиси, 495, маалымат үчүн телефон: 0(312) 670433, 0700 020167;
– Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй пр., 28, маалымат үчүн телефон: 0(312) 530368, 0702148830;
– Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Байтик Баатыр көчөсү, 17, тел. 0312 51-02-63, 57-04-59;
– Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Литвенко көчөсү, 2, маалымат үчүн телефон: 0(312) 653748, 653926.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясы республикалык штабды материалдык-техникалык жактан камсыздап, Бишкек шаарынын мэриясынын жана муниципалдык администрациялардын жооптуу кызматкерлери тарабынан келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү нөөмөт уюштурган.

Связанный пост