“Таза мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош шаарында 8-октябрь, ишемби күнү массалык ишембилик өткөрүлөт. Буга байланыштуу вице-мэр Сонунбек Жунусбаев тиешелүү тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ишембиликке калаа аймагында жайгашкан мекеме-уюмдар, ишканалар, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагы, жогорку жана кесиптик билим берүү жайлары, базарлар, коммерциялык соода түйүндөр (менчигинин […]Читать далее
Баткенде дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен районунун «Развилка» мобилдик постунда КР жараны «Д.К.Д» башкаруусунда «Лада-2107» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда унаанын салонунан жалпы салмагы 60 кг, 600 даана таңгак санында «Цинепар» таблеткалары (парацетомол жана диклофенак натрий таблеткалары) табылган. ЕАЭБдин бажы аймагында сатуу үчүн […]Читать далее
Бишкекте 8-октябрда масштабдуу ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Мэрия бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат. “Урматтуу шаар тургундары. Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат. Четте калбай, жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр”, – деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, 17-сентябрга белгиленген жалпы республикалык ишембилик кыргыз-тажик мамлекеттик чек […]Читать далее
Ижарага алынган турак-жайлардан чыгарылган жарандарга консультациялык-укуктук жардам кѳрсѳтүлөт
Ижарага алынган турак-жайдан чыгарылган жарандар юридикалык кеңеш алуу үчүн ЮЖКга кайрыла алышат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам кызматы бардык каалоочуларга юридикалык кеңештерин берет. Юристтер жана адвокаттар турак-жайларды ижарага алуу маселелери боюнча квалификациялуу кеңештерди беришет. Бардык суроолор боюнча тѳмѳндѳгү дарекке кайрылсаңыздар болот: Бишкек ш., Жибек-Жолу проспекти, 381, 3-кабат, МКЮЖ КБ же тел.: +996 555 […]Читать далее
Бүгүн, 5-октябрда Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына 4 млн 425 миң сомдук техникалык жабдыктарды алып берди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, башкармалыктын техникалык базасы “Кыргызстанда кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу күнүнө” карата толукталды. Техникалык жабдууларды ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев тапшырып, мекеме кызматкерлерине керектүү шарттарды түзүү аракети көрүлүп […]Читать далее
Эртең, 4-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең муздак суу саат 9.00дөн 22.00гө чейин «Северный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Суу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта өчүрүлмөкчү […]Читать далее
Бүгүн, 30-сентябрда Ички иштер министрлигинин штабдык кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө, – деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, ИИМдин учурдагы жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана оптималдаштыруунун негизинде бүгүнкү күндө министрликтин Башкы штабынын түзүмүнө башкы инспекция, талдоо, пландоо жана контролдоо бөлүмү, башкаруу чечимдерин иштеп чыгуу жана стратегиялык документтерди аткаруу бөлүмү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, […]Читать далее
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, коомдук транспорттун маалымат такталары (трафареттер) расмий тилден мамлекеттик тилге которулууда. 2013-жылдын 18-июнундагы №153 Шаардык транспорт башкармалыгынын буйругуна ылайык мамлекеттик тилде иш алып баруу жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө, коомдук транспортто жайгашкан маалымат такталардын (трафареттер) 80% пайызы которулду.Читать далее
Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Учкун кичи районундагы гараждарды бузуу иштерин баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, инспекция буга чейин гараж ээлерине аталган жерди 30-сентябрга чейин бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берген. Аталган объектилер Свердлов шаардык соту тарабынан ушул жылдын 3-августунда мыйзамсыз деп табылган. 117 гараж бузулууга тийиш. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду. Министрлер Кабинетинин башчысы чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты. Учурда жеринде объекттерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, […]Читать далее